Россияда 3700 үй суу алдында калды

230

Россиянын Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 9 миңден ашуун адам жашаган 3700 үй суу астында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, суу ташкыны Иркутск облусунун Нижнеудин, Тайшет, Тулун, Чунск, Зиминск райондорун каптаган. Аталган аймактардан жалпы 2273 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Ошондой эле, кырсыктан 744 жабырлануучу катталган. Алардын 153дөн ашгы ооруканага жаткырылып, 591 тургунга керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Жабырлануучулардын 72си жаш балдар болгону айтылат маалыматта.

Азыркы убакта кырсык болгон жерде 300дөй техника, Ан-12 учагы жана Ми-8 тик учагы тартылып, миңден ашык аскер куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь