Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы куттуктады. Мамлекет башчы өзүнүн куттуктоосунда куткаруучулардын ишинин өтө татаалдыгын, көп кырдуу жана опурталдуулугун баса белгилеген.
“Кандай гана катаал кырдаалдарда болбосун куткаруучулар ар дайым ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге даяр болушат. Сиздер түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы чыныгы баатырларча күрөшүп келесиздер.“- дейт Жээнбеков.
Мамлекет башчы кырсыктан куткарылган адам өмүрү үчүн куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле кесип ээлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат турмуш, татаал жана жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.