Бүгүн 1-июлдун таңында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында армияда контракттык негизде кызмат өтөп жаткан жоокер асынып алды.
Маркум буга чейин “телефон” уурдоого шектелип, Ош ШИИБ сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жаткан.
Азыркы учурда, окуя боюнча Алай райондук ички иштер кызматкерлери жана Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы текшерүү иштерин баштады.
Гүлчө айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Ош шаарында батирди ижарага алып, ал жерге бир кызды алып келген. Кыз анын телефону уурдалганы боюнча арыз жазып, кылмыш иши козголгон.