КРдин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев Ысык-Көлдү айлана чуркаган Улуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиевди сыйлады. Бул тууралуу Генералдык штабдан кабарлашты.
Рапиев Ысык-Көлдү 43 саат 55 мүнөттө уктабай айланып чуркап өттү. Генералдык штабдын башчысы сержантка экинчи деңгээлдеги “Аскер кызматындагы өзгөчөлүгү үчүн” медалын тапшырды.
Эске салсак, 26-июнда Улуттук гвардиянын №10121 аскер бөлүгүнүн улук сержанты Рапиев Балыкчыдан баштап ультрамарафонго чыккан. Ал бул марафонун Улуттук гвардиянын 27 жылдыгына арнаган. Жөө күлүктү Улуттук гвардиянын медициналык кызматкерлери, тасмага тартчу топ коштоп жүргөн.