Өзбекстандын Юстиция министрлиги Ички иштер министрлиги кабыл алган «абактагы жарандарды кармоо шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча» мыйзамына ылайык жазык-аткаруу тутумун кайрадан каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, жаңы мыйзам боюнча камактагылар эми коопсуз жумуш менен камсыз болууга, андан жумасына бир күндүк жана жылына бир айлык эмгек өргүү алууга, эмгек акы алууга жана майрамдарда эс алууга укук ала алышат.
Ошондой эле, бош убактыларында таза абага чыгып сейилдөөгө, атайын жайларда машыгууга катышууга, психологиялык жардам алууга, ооруп калган учурда дарыгердин уруксаты менен жакындарына телефон чалууга, же үй-бүлөсү менен кошумча жолугууга мүмкүндүк алышаары айтылууда. Буга кошумча, 6 ай сайын медициналык текшерүүдөн өтүшөт.