Казакстандын Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу муктаждарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жиберилди. Буга чейин ыктыярчылар атайын жардам берүү пунктун ачышкан. Ал жакка келип түшкөн 2 жүз килограмм кайрымдуулук каражаты чогултулган. Жарандар жуунуучу каражаттарды, наристелердин памперсин, кийим-кече алып келишкен. Мындан тышкары 3 миң сом акча каражаты дагы топтолгон.
Жарылуудан соң Арыс шаарын калыбына келтирүүгө 53 миллион доллардан ашык акча сарпталышы мүмкүн экендиги маалым болду. Казак бийлиги Түркстан облусундагы Арыс шаарынын ар бир тургунуна компенсация катары 100 миң теңгеден (263 доллар) төлөп берүүнү пландап жатат.