Өмүрбек Бабановдун эжеси Бакен Бабанова Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган аялды тааныбастыгын билдирди. Социалдык тармактарда Сурия Кадырова аттуу аял өзүн Бабановдун тайэжесимин деп Кой-Таштагы “Элдик штабга” баргандыгы боюнча маалыматтар тараган. Бул маалыматты Бабанова 100 пайыз чындыкка дал келбегинин ырастады.
«Биздин фамилиябызды мындай ыплас иштерге аралаштырбасын. Бизден кечирим сурасын», — деди Бакен Бабанова.
Өмүрбек Бабановдун 2 тайэжеси бүгүнкү күндө бар, бири Турцияда, экинчиси Таласта экендигин Мурат Соорбеков билдирди.
Салам достор! Социалдык тармактарда Сурия Кадырова деген эжекебиз өзүн Өмүрбек Токтогулович Бабановдун тайэжесимин деп атап Кой-Таштагы "Элдик штабга" барды деген маалымат таркап жатат.Бул маалымат 100% чындыкка туура келбей турганын Өмүрбек Токтогуловичтин бир тууган эжеси Бакен Бабанова билдирди.Бизге жеткен маалымат боюнча Сурия Кадырова эжекебиз Бишкекте турат экен. Ал эми Өмүрбек байкенин 2 тайэжеси бүгүнкү күндө бар, бири Турцияда, экинчиси Таласта.
Опубликовано Мурат Соорбеков Вторник, 2 июля 2019 г.