Бишкекте таксист акча майдалабай койгон дүкөнчүнү төшкө урган (видео)

259

Бишкекте Суванбердиев жана Белорусский көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндө такси айдоочусу акча майдалабай койгон дүкөнчү кызды сабап салган. Социалдык тармактарда тараган маалыматтарга ылайык, болжол менен “Жорго” такси кызматынын айдоочусу болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал сөгүнүп, жада калса өзү кассадан акча алууга аракет жасаган. Ал таксисттин бул жоруктарынын баардыгы видеого жазылып калган

Окуя 12-май күнү болгон. Арадан эки айга жакын убакыт өтсө дагы милиция чара көрбөй жатат деп жазган интернет колдонуучу.

Бишкек ШИИБнан билдиргендей, эркек киши башка адамга катталган унааны айдап жүргөн. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр жүрүүдө. Унаа табылганы менен айдоочу изделүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь