Зулпукаров, Исаевдер Москвада Бабанов менен жолуктубу?

126

Интернетте белгисиз кыргыз жигитинин Өмүрбек Бабанов жана депутат Төрөбай Зулпукаров менен бир учурда түшкөн сүрөтү жарыяланды. Көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары Зулпукаров менен Бабанов экөө Москвада жолугушуптур деген күмөн ойлорун жазышууда.

Ал эми reporter.kg өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, 1-июлда Москва шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров жана Канат Исаев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен жолуккандыгын жазды. Москвадагы “Украина” мейманканасына барган депутаттар Өмүрбек Бабанов менен эки сааттай барлашканын маалымдайт.

Белгилей кетсек, Төрөбай Зулпукаров кечээ 1-июлда өзүнүн фейсбук баракчасына Россиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Расул Боташев менен Москва шаарында жолукканын жазган. Демек Зулпукаров Москва шаарында жүргөндүгү анык.

Госдуманын депутаты досум Расул Борисович Боташев менен Москва шаарында жолугушуп, келечекте ,,Мамлекеттер аралык кайрымдуулук саясаты кандай болуш керек" деген теманы талкууладык.

Опубликовано Торобай Закир Уулу Понедельник, 1 июля 2019 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь