1-июль күнү кечки саат 22:45тер чамасында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, көчөдө жүргөн жаш өспүрүмдөр жолдогу чырактарды талкалашкан. Буга күбө болгон кыз окуяны телефонго тартып алган. Кыздын тийбегиле деген суранычын бейбаш балдар мазакташып, кайра дагы сындырышкан.
Видеого тартып алган кыз жаш балдардын түндө көчөдө кароосуз жүргөнүнө айтып, алардын тартипсиз аракеттерине кейиди.