Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу иштери талкууланды. Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев билдиргендей, жылдын 27-июнунда конкурстук арыздар ачылат. Долбоорду толук ишке киргизүү кийинки жылга пландаштырылып жатат. Долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн: 266 стационардык жана 40 көчүп жүрүүчү комплексин жабдыйт.
Премьер-министр “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кийинки этапта ишке ашыруу тартибин калыбына келтирүүгө жана кээ бир мамлекеттик органдардын күч-аракети менен гана эмес, республика боюнча жолдордун, ошондой эле коомдун активдүү жарандары колдоого көңүлүн бурат деп ишенимин билдирди.
Премьер-министр тез арада жарандар көрсөткөн туура эмес жол белгилерин, орнотууга байланышкан жол кыймылынын уюштуруу ачылган кемчиликтерин жоюу тапшырмасын берди. Ошондой эле кырдаалдын оорлошуусуна күнөөлүү кызматкерлерди дициплинардык жоопко тартуу, кызматынан бошотуу чаралары көрүлүшү керектигин Премьер-министр белгиледи.