Кыргызстандагы бардык ташты үйүңө жыйып алсаң дагы жардам бербейт сага. Бекназаров Атамбаевге кайрылды

288

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

Эгер күнөөң жок болсо сотко кел да ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып акталып ал, күнөөң болсо анда соттун чечими менен колуң менен кылганды мойнуң менен тарт, башка жол жок! Элди топтогонуң маселени чече турган жол эмес“, -деди.

Мындай билдирүүсүн Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров фейсбук баракчасына төмөндөгүдөй пост кылып жүктөдү.

” А. Бекназаров:
С.Жээнбеков А.Атамбаевге сурактагы адилеттүүлүктү, калыстыкты, ар тараптуулукту ….. үй-бүлөөсүнө коопсуздукту… камсыз кылып берүүсү керек..
Ал эми А. Атамбаевге айтаарым, кыргызстандагы бардык ташты үйүңө жыйып алсаң дагы жардам бербейт сага. Андан көрө топтолгон, колдогон элге рахмат айтып, аларды таркатып, ак болсоң соттон акталып ал … “НПО”, чет жердик ж.б.лардан адвокат күтпөй, кыргыз мыйзамдарын жакшы билген, күчтүү адвокаттардан команда түз. Мыйзам менен өз укугуңду корго.”

Опубликовано Руслан Бекназаров Понедельник, 1 июля 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь