Кыргызстандын ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын 200дөн ашыгы курман болгон. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.
Сирияга кеткен кыргызстандыктардын арасында мекенине башка өлкөлөр аркылуу жасалма документтер менен кайтууга аракеттенгендер бар. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкекте өткөн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин үчүнчү антитеррордук форумунда билдирген болчу.
Анын айтымында, Сирияга барып, бирок ал жактагы согуштан көңүлү калган кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жасалма документтер менен артка кайтып келүүгө умтулуп жатышат.
2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча 110 кылмыш иши козголгон. Чогултулган материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган.