Россиянын Иркутск шаарындагы суу ташкындарынан каза болгондордун саны 16га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, суу ташкынан 16 адамдын өмүрүн алган. Дагы 9 адам дайынсыз болуп, алардын бирөө наристе экени айтылууда.

Ал эми буга чейин 12 адамдын каза болгону айтылган болчу. Табигый кырсыктын айынан 760 адам жабыркап, 190дон ашык жаран ооруканага жаткырылган. 9300 адам жашаган 4130 үй суу алдында калганы белгилүү болду.

Эчке салсак, Иркутск облусунда катуу жааган жамгырдан Ангара өзөнүнөн суу ташкындап, 27-июнда аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: