Президент Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу Россия Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.
«Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
Эске салсак, Иркутск облусунда катуу жааган жамгырдан Ангара өзөнүнөн суу ташкындап, 27-июнда аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. Табигый кырсыктан каза болгон адамдардын саны 16га жетти.