Токмоктогу тойдон 93 адам тамакка ууланды

188

Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, медицина кызматкерлерине кайрылгандардын саны көбөйдү.

Дарыгерлерге кайрылган 93 кишинин 33ү ооруканага жатты. Көпчүлүгүнүн температура табы 38-40 градуска чейин көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдагандай уулангандар Кочкор, Токмок аймактык ооруканасында, Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Ысык-Ата, Москва райондорунда дарыланып жатышат.

Жабыркагандардын ашказандары жуулуп, учурда абалдары “орточо оор” деп бааланууда. Эмнеден ууланганын аныктоо үчүн  тамак-аштын үлгүлөрү лабораторияга алынып, эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат.

Жабыркагандар 29-июнда үлпөт тойго барышкан. Жалпы чакырылгандардын саны болжол менен 256 киши экени айтылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь