Чүй областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын маалымат кызматынан Элдик Медиага билдирди.
Үй-бүлө Суусамыр өрөөнүнүн жолунда жок болуп кеткендиги айтылууда. Акыркы жолу байланышка 30-июнда чыккандан бери маалымат жок. Нарын областынын Ат-Башы айылынан 04:00дө Суусамырга ак түстөгү унаасы чыгып кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн.
Унаада Абдылдаев, аялы жана небереси үчөө болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматында жергиликтүү тургундар Көкөмерен суусунан ак түстөгү унааны көрүшкөн.
ӨКМнин куткаруучулары издөө иштерин баштады.