IT-адистер үчүн суроо-талап өсүп жатат. Өкмөт ЖОЖдорго гранттык орундарды бөлдү

185

Өкмөт 2019-2020 окуу жылына карата жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу жана адистиктердин Тизмесин бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2019-2020-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранттары, анын 4903 гранттык орун жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган гранттык орундар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ведомстволук окуу жайларына бөлүндү.

Президенттин “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгына ылайык IT-адистер үчүн суроо-талап өсүп жатат. Буга байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык негизде окутуунун саны көбөйдү.

Ошондой эле жалпы гранттык орундардын 316сын магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтгу мүмкүнчүлүгүнөн чектелген жарандарга, жетим балдарга жана ошондой эле иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь