Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү кыска мөөнөттө табууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Мындан тышкары, жабыр тарткан Нигерия жаранынын ден-соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламааттык сактоо министрлигине буйруду.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун жанында чет элдик жаран катуу сабалып, комага түшкөн. Сабалган адам учурда ооруканада жатат. Белгилүү болгондой жабыркаган жаран Бишкектеги Кембридж мектебинде сабак берет.