Бүгүн аймактардан келген тургундар “Бизге тынчтык жана туруктуулук керек” деген темада “Элдик Медиа” интернет порталында маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Алмазбек Атамбаев уюштуруп жаткан митингге каршы ойлорун билдирип, элди тынчтыкка чакырышты.

Нарын шаарынан келген Үмүт Чыңбаева “2010-жылы Алмазбек Атамбаевди Кыргызстанда жакшы жашоо  болсун деген ниет менен колдоп, шайладык эле, бирок биз ойлогондой болгон жок”,- деп билдирди.

“Биз ошол учурда базарда элек, өз оокатыбызды таштап, свет арзандасын, элдин жашоосу оңолсун деп Бакиевдерге каршы митингге чыктык. Ошондой кыйын кан төгүү менен Атамбаевди бийликке алып келдик. Алмазбек Атамбаев шайлангандан кийин Нарын шаарына барып, элге ГЭС куруп беребиз деп убада кылды. Өкмөт ГЭС курулат деп байкуш карапайым элдин жерин алып, ГЭСти курбай же элге жерин бербей орто жолдо калтырышты. Атамбаев ошол убадасын колго алып, аягына чыкса болмок”-деп кошумчалады.

Ал эми маалымат жыйынга келгендердин бири Бактыгүл Жумабаева “Атамбаев Бакиевдин жолуна түшүп жатканы акылга сыйбайт”,-деди.

“Анын азыркы кылып жаткандары туура эмес, бул Курманбек Бакиевдин жолуна түшүп дагы элди аттырып, балдарыдын өмүрүн кыйгысы барбы? Кыргызстандын элин дурбөлөңгө салып, тынч жаткан элди козгобошу керек. Азыр кыргыз элине бир гана тынчтык, бейкутчулук  зарыл”,-дейт Нарын шаарынын тургуну.

Аймактардан келген өкүлдөрдүн бири Чүй облусунун тургуну Эсенаман Аликеев Алмазбек Атамбаевди саткын катары сыпаттады. “Урматтуу журналисттер мына сиздер айткандай факты менен сүйлөйүн. Атамбаев 2006-жылы борбордук аянтта элди алдап, бизди  таштап кетип калган. Азыр анализ жүргүзсөк ошондо эле элди алдаган экен”,-  деди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: