Алты айда 57 адам сууга чөгүп каза болгон

277

2019-жылдын 6 айында 57 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сууга чөккөндөрдүн 18и 12 жашка чейинки балдар, 12си өспүрүмдөр, калгандары чоң кишилер. 57 адамдын 30у жай айында ар кандай себептер менен сууга чөгүп кетишкен.

Ал эми министрлик шар аккан сууга, терең саздарга жана көлдөргө адамдарды түшпөөгө чакырат. Азыркы убакта телефондорго балдарды суудан этияттоого чакырган ар кандай эскертүүлөр жөнөтүлүүдө.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь