Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу укук коргоо органдарынын видеосу коомдук «Ала-Тоо 24» телеканалында 2-июлда жарыяланды. “Көлөкө. Инвесторлордун мүлктөрүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деп аталган программада Арабаев Раиса Атамбаева аны курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү сураганын айткан.

Ошондой эле Атамбаевдин жубайы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып жаткан Элвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүнө токтолгон.

Телеберүүдө инвесторлордун мүлктөрүн рейдерлик жол менен тартып алууга экс-президенттин эң жакын адамдары, жубайы, анын баласы аралашканы айтылган. Манас Арабаев тергөө менен кызматташып жатканы да белгиленген.

Атамбаевдин бийлиги тушунда «соттордун аталыгы» атыккан “судьялардын чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет” деген сынга кабылган Арабаевди быйыл 2-июнда УКМК “Коррупция” беренеси менен камакка алган.

Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу ушу күнгө комментарий бере элек.

Булак: azattyk.org

Айтылуу Манас Арабаев агынан жарылганда: Раиса Атамбаеванын былыктары ачыкка чыкты!

Айтылуу Манас Арабаев агынан жарылганда: Раиса Атамбаеванын былыктары ачыкка чыкты!Учкундун жанындагы чоң үй, Даймонд, Синхуа рестораны, жана башка мүлктөрдү Раиса айым кантип тартып алган. Айтылуу Манас Арабаев агынан жарылып айтып бериптир.#АлмазбекАтамбаев #АША #КойТаш #МанасАрабаев

Опубликовано Трейлер KG Вторник, 2 июля 2019 г.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: