Аттестаттар кайрадан оркойгон ката менен берилди

165

Нарын облусунун Кочкор районунда орто мектепти бүтүрүүчүлөргө айрым аттестаттар ката жазылып берилген. Бүтүрүүчүлөрдүн биринин аттестатынын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды. Анда орус тилинде жазылган бетинде “окончила среднюю реднюю школу” деп турат.

Билим берүү жана илим министрлиги Кочкор районунда 10 аттестатка ката жазылганын моюндап, алар алмаштырыларын билдирди.

Эске салсак, буга чейин дагы  “жөнүндө” деген сөздөгү “н” тамгасы “ң” болуп жазылган ката аттестаттар берилген болчу. Бул үчүн Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар министр Гүлмира Кудайбердиеванын ишин сындашкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь