Нарын облусундагы Ат-Башы районунда 269 уй бруцеллез ылаңына чалдыкканын аныкташты. Бул тууралуу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Үмөтаалы Саалаев билдирди.
Азыркы кундө малдардын баардыгын эмдөө иштери жүрүүдө.
“Ат-Башыда 16 миң уй бруцеллезго карата текшерилген. Жыйынтыгында 269 уйдан бруцеллез ылаңы чыкты. Бул уйлар акырындык менен жок кылынып жатат”, — дейт Саалаев.