Бишкекте ЦУМдун айланасында чет элдик жаран сабалган видео тарады. 2-июль күнү болгон окуяда кыргыз бала афроамерикалыкты сабап салган.
Видеонун автору: ” мен күбө катары бул окуя боюнча акыйкаттыкты каалайм. Катуу соккудан кулаган жигит комага түшүп калды, азырынча жакындарын таба албай жатабыз“, – деп жазган.
Өтүп баратып күбө болуп калгандардын айтымында, чет элдик жаран башы менен жерге катуу тийген. Айланадагы адамдар жардам берип, тез жардам кызматы алып кеткен.
Белгилүү болгондой жабыркаган жаран Бишкектеги Кембридж мектебинде сабак берет. Учурда жабырлануучу республикалык госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бишкек ШИИБ бул видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Шектүү изделүүдө.