Ат-Башыдан Суусамырга келе жатып унаасы менен Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев менен айдоочунун сөөгү табылды. ӨКМден кабарлагандай, маркумдар 2-июль күнү кечки саат 20:00дөр чамасында табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Түн кирип кеткендигине байланыштуу таңга чейин издөө иштери токтотулуп, унаадагы калган үч адам табыла элек.
30-июндан бери дайынсыз болуп жаткан бир үй-бүлө (үй ээси, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочу) «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү автоунаа менен дарыяга түшүп кеткен.
Молдакун Абдылдаев 2014-2018 президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.