Д.Жумабеков: Парламент жакшы иштеп жаткандыктан, депутаттарга карата айтылган сындар көп

216

VI чакырылыштын депутаттарынын дарегине атйылып жаткан көп сындар, депутаттардын жакшы иштеп жаткандыгынан кабар берет.“, – дейт Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Эгерде биз иштебесек, анда сын да айтылмак эмес. Парламент жакшы мыйзамдарды кабыл алып, өз ишин аткарып жатат”, – деп билдирди төрага, бүгүн сессиянын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында.

Андан тышкары, журналисттер депутаттардын санын кыскартыш керек деген сунушка төмөндөгүдөй жооп берди.

“Депутаттардын санын кыскартуу маселеси боюнча мыйзам бар. Бул маселени да эл чечет. Менин жеке пикирим боюнча 120 депутат – бул туура эле. Эл өкүлдөрүнүн санын 35, 75 кылыш керек деген ар кандай ойлор айтылууда. Эгерде 35 кылып койсок, анда алар президент болуп, баарын чечип калышат. Ошол учурда да сын айтылат”, – деп кошумчалады ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь