Жалил Атамбаев 40 млн.сом салык төлөбөгөнү аныкталды (сүрөт)

433

Ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталганы кабарланды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) Оштогу ишкер Жалил Атамбаевдин салыктан буйтаганы тууралуу фактыга байланыштуу териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын 3-июлда жарыялады.

Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталган. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшериле баштаган.

Расмий маалыматта айтылгандай, “Териштирүүдө “А.Д.” ишканасы 28 миллион сом, “О.О.” ишканасы 12 миллион сом жашырганы такталды”.

azattyk.org

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь