Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.
УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан И.С.Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаган. Учурда тергөөнүн материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана ишти сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Ага алдоо жолу менен 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз ээлеп алган деген айып коюлуп, камакка алынган.