Казакстандагы жарылуу боюнча адамдар суралып жатат

131

Казакстандын  Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу козголгон кылмыш ишине байланыштуу 100дөн ашык адам суралды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат булактары жазды.

Маалыматка караганда, жарылуунун себеби азырынча так аныкталген эмес. Мында өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу, электр тогу, тез жалбырттоочу буюм-тайымдардын күйүшү, ошондой эле шалаакылык өңдүү бир канча божомол каралып жатканы айтылат.

Ал эми жооптуу кызматкерлерге укуктук баа иликтөөнүн жыйынтыгы менен берилет.

Эске салсак, 24-июнда Казактандын Арыс шаарындагы жарылуу болуп, анын кесепетинен 3 адам набыт болуп, 10 дон ашууш жаран жарадар болгон. Ошондой эле, аталган шаардагы турак жайдын 85% жакыны жабыркаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь