Бүгүн, 3-июлда Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев Көкөмерен суусуна түшүп кеткен аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин унаасын издеп-табуу иштери боюнча тиешелүү тараптар менен чукул жыйналыш өткөрдү.
Облус башчысы Абдылдаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, оор жоготуу болгондугун белгиледи.
Алтынбек Намазалиев издөө жана куткаруу иштерин күчөтүү менен зарыл болгон кошумча күчтөрдү тартуу буйругун берди. Мындан тышкары Намазалиев Нарын облусунун губернатору Аманбек Кайыповду Нарын аймагында издөө иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү боюнча сүйлөштү.
Чүй облусунун башчысы Намазалиевдин төрагалыгы астында маркум Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлдү.
Эске салсак, Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен унаанын ичиндеги М.Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү табылган. Ал эми калган үч киши изделүүдө.