Нурсултан Назарбаевдин небереси өз жанын кыюуга аракет кылган

150

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Лондондогу меманканалардын биринде өз жанын кыюуга аракет кылган.

2019-жылдын 5-июнунда полиция атайын билдирүү менен келип, суицидке барган адам 28 жаштагы Айсултан Назарбаев экенин аныкташкан. Айсултан Дарига Назарбаеванын кичүү уулу. Эки күн мурда дагы полиция Айсултандын мейманканадагы балкондон секирүүгө аракет кылып жаткан жеринен токтотуп калышкан.

Айсултанды кармоо учурунда ал полицияны тиштегилеп каршылык көрсөткөн.

Айсултан Назарбаев чоң атасы- академик Мухтар Алиев жана атасы- Рахат Алиевдин көзү өтүп кеткендигин оор кабыл алганын айткан. Ошондой эле, баңгизатка болгон көз карандылык менен күрөшүүдө Нурсултан Назарбаев жардам бергенин мойнуна алган.

Айсултан Назарбаев “КазРосГаз” компаниясынын башчысынын кызы Алимага үйлөнүп, бир кыздуу болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь