Ош облусунун Араван районундагы аймактык ооруканага эки күн ичинде 7 адам кайрылган. Кактус.медиа жазган маалыматта, белгисиз ит жабырлануучулардын денесинин ар кайсы жеринен тиштеген.
Кечээ төртөө кайрылса, бүгүн үч адам медициналык жардамга муктаж экенин билдирген. Алардын экөө 13 жана 9 жаштагы балдар.
Бардыгы травматология бөлүмүндө дарыланып чыгышты. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.