Россиянын Екатеринбург шаарындагы Калинин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдынан жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти. Эки жерден ок атылган денесин 2-июль күнү табышкан.

Күбөлөрдүн билдиргенине караганда, аны атып кеткен адамдар экөө болгон. Алгач алар ишкер менен мушташып, андан соң эки жолу атышкан. Ок анын курсагына жана бутуна тийип ошол жерден жан берген. Андан кийин алар из жашырып качып кетишкен.

Ошондой эле ишкердин жанындагы сумкадан миң жана беш миң сомдук акчалар чачылып жатканын көргөнүн күбөлөр айтып беришкен.

Ишкердин “Таганский ряд” базарында бизнеси болгон. Кол салгандар Түндүк Осетиянын номериндеги Volkswagen унаасы менен келишкен. Ишкерди атып кеткендер унаасын калтырып, өздөрү жөө качып кетишкен. Ал эми полиция кызматы шектүү жарандардын унаасын эвакуатор менен тергөөгө алып кетишти.

Белгилүү болгондой, Камчыбек Каримов мурда Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: