«УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы штабына бука алып келди» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетитинин маалымат кызматы билдирди.
Бул кабарды УКМК куру кыял деп баалап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн текшерилбеген маалыматтардан алыс болууга чакырды.
Белгилей кетсек, бүгүн 3-июнда Атамбаевдин Кой-Ташта жайгашкан штабда кан чыгарылып, бука союлган. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков буканы УКМКнын азыркы жана мурунку кызматкерлери алып келгендигин жарыялаган.