Ысык-Көлдө эки бала сууга чөгүп кетти

351

Ысык-Көл облусунда бир өспүрүм жана 4 жаштагы наристе сууга чөгүп каза болду. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, окуя май-июнь айларында облустун аймагындагы көлмөлөрдө болгон. Тактап айтканда, 28-май күнү Караколдо 15 жашар өспүрүм көлгө чөксө, бир айдан кийин 4 жашар наристе шар аккан арыктагы сууга түшүп, каза болгон.

Сууга чөгүп каза болгон балдар ата-энелер тарабынан кароосуз калгандыктан ушундай окуя болгондугу аныкталган.

“Азыр көлдүн жээгинде атайын пляждар уюштурулуп, коопсуз сууга түшүүгө аракеттер көрүлгөн. Ал эми көл жээктеринин башка жерлеринде сууга түшүү кооптуу болуп саналгандыктан Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилиги облустун аймагындагы кооптуу жерлерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.Түп районунун милициясы мындай профилактикалык иштерге жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлдөрүн тартып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө, көл жээгинде, шар аккан суулардын жанында кароосуз жүргөн өспүрүмдөргө көңүл бурулууда. Рейддин жүрүшүндө ата-энелердин дагы өз балдарына кайдыгер мамилеси өкүндүрөт. Ушундан улам Ысык-Көл ОИИБи дагы бир жолу ата-энелерге эскертет. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, балдарыңарды көлдүн жээгинде, ылдам агуучу суулардын жанында кароосуз калтырбагыла”, – деп билдирет басма сөз кызматы.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь