Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды

283

3-июль күнү Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевскийди сот үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Диляром Низамова кабарлады.

Биринчи Май райондук соту Петрушевскийдин бөгөт чарасын өзгөртүп,тергөөчүнүн сунушу менен бул чечимди кабыл алган. Петрушевский ден соолугуна байланыштуу 6-августка чейин үй камагында болмокчу.

Эске салсак, Петрушевский 6-июнда УКМКга суракка чакыртылып, ошол эле күнү ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин (“Пайда көрүү максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде айып тагылып кармалган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь