Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух-Исфара жолу ачыла элек. Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев жолду 30-40 киши тосуп турганын жана тиешелүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын кызматкерлери чек арада жүрүшкөнүн «Азаттыкка» билдирди.
Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жашоочулары 3-июлдун кечинен бери коңшу өлкөнүн Исфара аймагын Ворух анклав менен байланыштырган жолду бууп турушат. Буга кечээ аксайлык ишкерди тажикстандык жаран сабап качып кеткени түрткү берген айтылууда.
Аксайлыктардын маалыматына караганда, кыргызстандык ишкер өзүнүн май куйган бекетинде тажикстандыктын автоунаасына газ толтуруп жаткан учурда коңшу өлкөнүн башка бир жараны келип, таяк менен башка чаап качып кеткен. Жергиликтүү ишкер жаракат менен ооруканага жаткан. Азыр окуяны жөнгө салыш үчүн Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. Тажикстандын Ак-Сайдагы окуя боюнча пикири азырынча белгисиз.
Булак: azattyk.org