Жалал-Абаддын мэри шаар тургунун мончодон сабап салган

136

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаар тургунун мончодо «сабап койгону» боюнча маалыматты милиция иликтей баштады. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркаган адам окуя тууралуу оозеки айткан, арыз жазган жок.

Жабыркаган жаран ооруканага кайрылып бирок жаткан эмес. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 3-июлда факт катары катталып, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүү жүргүзүлүүдө.

Ал эми Спутник.кж агенттигине Мураталы Тагаев берген комментарийинде өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан.

Менин туугандарыма таандык мончого келген балдар өз ара жаңжалдашкан. Фамилиям Тагаев болгондуктан мончону мага байланыштырып жатышат окшойт. Мен ал жерде такыр болгон эмесмин. Ал такталбаган маалымат. Окуя түнкү 1.30дар чамасында болгон деп жатат, мен ал убакта жумуштан келип үйүмдө уктап жаткам. Менин үстүмдөн арыз жазганын уккан жокмун. Бүгүн кечке жумушта болдум, органдан эч ким келген жок“, — деди мэр.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь