Жыныстык катнашта болгон токмоктук милиция интим видео менен кызды опузалоодо

864

Токмок шаарынын милиционери сүйлөшкөн кызы менен жыныстык катнашта болгон учурун видеого тартып алган. Азыр ал видеону интернетке жарыялап жиберем деп коркутуп жатат. Бул тууралуу кыз өзү Kaktus.media га билдирип, өзүнүн коопсуздугунан коркуп жатканын айткан.

Белгилүү болгондой жигит кыз адегенде тааныш катары сүйлөшүп жүрүп, кийин кыздын батиринде бир жашап калышкан. Бул убакыт арылыгында жакшы күндөр өткөнүн айткан кыз, жигитинин ажырашып кеткендигин белгиледи.

Кийин жигити ажырашпай эле балдары бар үй-бүлөлүү экендиги ачыкталган. Мындан улам кыз мамилени токтоткон. Бирок, эркек киши ортодогу мамилени үзбөй, ойнош бойдон кала берүүнү сунуштайт.

Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, буга чейин кыздын унаасын айдап жүргөн жигити аны кайтарып берүүдөн качкан. Кызга интимдик тартылган видеону жөнөтүп, ойнош болууга макул болбосоң барына жаям деп коркуткан.

Кыз видеого тартылганын байкаган эмес, ал жакта өзүнүн гана бети түшкөн. Коркутуудан кантип коргонорун билбей кыз жергиликтүү басылмага кайрылган.

Бул окуя боюнча Чүй ОИИБ кызматтык териштирүүнү баштап, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди.  Ошондой эле аталган факт ИИМ тарабынан дагы көзөмөлгө алынды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь