Нигериялык жаранды сулата соккон 22 жаштагы шектүү кармалды

193

Бишкек шаардык милициясы “Айчүрөк” соода борборунун жанынан чет элдик жаранды сабаган шектүүнү кармады. Нигериялык жаранды сулата сокту делген адам 3-июлда кармалды. Маалыматка ылайык, ал Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Кыргызстандагы Кембридж мектебинде иштеген нигериялык мугалимди 2-июль күнү белгисиз бирөө ур-токмокко алып, жабырлануучу оор абалда ооруканага түшкөн. Учурда ал реанимацияда дарыланууда.

Аталган окуяны Свердлов райондук милициясы Жазык кодексинин 138-беренеси («Саламаттыкка оор зыян келтирүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь