Чүй областынын Орок айылында чыккан жаңжалга байланыштуу бир катар милиция кызматкерлери жазаланды.
Kаktus.media нын өздүк булактарына таянып чыгарган маалыматында, Чүй ОИИББ башчысы Самат Курманкулов эч кандай жазаланган эмес.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен РИИБ начальниги А.Ногойбаев өз каалоосу менен иштен кетүү боюнча арызын жазган. Ал эми анын орун басары А.Шабралиев катуу сөгүш алса, экинчиси У.Кубатбеков кызматына жарамсыздыгы аныкталган. Мындан тышкары дагы үч укук коргоо органынын кызматкерлерине сөгүш жарыяланды.
Эске салсак, 5-июнь күнү Орок айылында 3 тестиер балдар урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен бир нече үйдүн терезеси талкаланган.