Президент Баткендин жашоочулары менен жолугушууда (сүрөт)

135

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтып, миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу проблемаларын чечүү өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттин негизги милдети экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага, анын милдеттерине жана негизги багыттарына, коррупция менен системдүү күрөшүүнүн жүрүшүнө кеңири токтолду.

Ал ошондой эле өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иштерге — чек араны бекемдөө, жолдорду, ирригациялык обьектилерди куруу ж.б маселелерге токтолду.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь