3-июлда Атамбаевчилер өткөргөн митингде КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева чындыкка дал келбеген маалымат тараткан. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдады.
Митингде катышкан “КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбековго Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды” деген Жолдубаеванын маалыматын аталган кызмат төгүндөдү.
“Т.Султанбековго Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүүгө эч кандай чектөө коюлган эмес”-деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу чек ара кызматы жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.