8 өлкөнүн аскери коштогон Эгемендүүлүк күнү белгиленди

127

Беларусиянын эгемендүүлүк күнү 8 өлкөнүн аскер кызматкерлери катышкан парад менен коштолду.  Майрамдык парадга Кыргызстан, Орусия, Кытай, Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер кызматкерлери катышты.

Аталган өлкөнун борбору Минскте өткөн аскердик парадга 5 миң аскер тартылып, механикалык колоннада 280 миң унаа, аба техникасынан 50 учак жана тик учак учурулган.

Параддын жүрүүндө Беларусиянын президенти Александр Лукашенко дагы катышты.

Кошумчалай кетсек, Беларусияда эгемендүүлүк күнү 1996-жылдан бери 3-июлда өткөрүлүп келет. Быйыл Минск шаарында фашисттик баскынчылардын өлкөдөн сүрүлүп чыккандыгынын 60 жылдыгы аскер парады менен белгиленди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь