Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шахмат боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында АКШда өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алган 12 жаштагы Дария менен жолугушту.

Дариянын апасы Айша Бурбекова айткандай, шахмат менен машыгуудан төрт ай өткөндөн кийин, кызы Президенттин Кубогуна катышып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга тиешеси жок балдар менен тең ойноп жогорку балл топтогон. Ошондон кийин Дарияда ар кандай эл аралык мелдештерге катышуу жана жеңиштерге жетүү максаты пайда болду.

Ушул жылдын апрелинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген 20 жашка чейинки балдар жана кыздар арсында Кыргызстандын шахмат боюнча биринчи Чемпионатында Дария алтын медаль утуп, АКШда өтө турган III Дүйнөлүк чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Өкмөт башчысы Шахмат Федерациясынын өкүлдөрүнө жана машыктыруучунун спортко болгон сүйүүсүнө жана  Дарияга алдыдагы чемпионатта жана башка эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: