Белоруссиянын эгемендик күнүнө арналган майрамдык салют учурунда 64 жаштагы аял каза таап, бир нече киши жаракат алган. Тергөө кызматы бул үчүн орусиялык пиротехниканы айыптады. Кечээ орусиялык компаниянын эки өкүлү кармалганы белгилүү болду.
Кабарларга караганда, орус жарандары майрамдык салюттарды даярдоого техникалык жардам көрсөтүү үчүн келишкен.
Тергөө комитетинен сырткары өлкөнүн Коргоо министрлиги дагы өз алдынча иликтөө иштерин баштаган. Министрликтин сайтында салют коё берилет деп белгиленген алты жердин үчөөндө жарылуу болгону айтылат. Биринчи жарылуудан кийин эле фейерверкти токтотушкан.
Белоруссиянын Тергөө комитетинин жана Коргоо министрлигинин адистери пиротехниканын дүрмөтү сапатсыз болгон деген божомолду айтып жатышат. “Пиро-Росс” деп аталган орусиялык компания Минскте колдонулган фейерверк 2017-жылы өндүрүлгөнүн айтты.
Окуя аскердик параддан кийин түн ортосунда болгон. Майрамдык салютту көргөнү келгендер катуу жарылууну угушкан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги он киши медициналык жардам сурап кайрылганын маалымдады. Эки киши ооруканага жаткырылган. Аларга ошол эле күнү операция жасалган.
Күбөлөрдүн айтымында, фейерверк жогору көтөрүлбөй эле жерде жарылып кеткен. Бул жылы өткөрүлгөн аскердик парад Минсктин фашисттик баскынчылардан бошотулушунун 75 жылдыгына арналды. Белоруссиянын мамлекеттик каналдары аскердик парадды жана майрамдык салтанатты көрсөтүп, бирок фейерверк жарылган учурларды көрсөткөн жок.
Булак: bbc.com