Аттестаттардагы каталар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул туурасында мекемеден билдиришти.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин «Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматына кыянаттыгы» беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлөт.
Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү берилген 95 миң аттестатта ката табылганын белгилейт. ” Анда “жөнүндөгү” деген сөздөгү “н” тамгасынын ордуна “ң” тамгасы колдонулган. Андан тышкары, Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында «реднюю» сөзү кайталанып жазылып калган.