Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт кечээ, 4-июлда болжол менен саат 20:48де өчүрүлгөн. Аталган көчөлөрдүн кесилишинде бир нече тез татым жайы жайгашкан.