Борбордун чок ортосунан сабалган чет элдик жаран каза болду

153

Бишкектеги “Айчүрөк”соода борборунун жанынан сабалган чет элдик жаран каза болду. Суук кабарды маркум нигериялыктын достору, тааныштары  интернет булактарына жазышты.

2-июлда сабалган 34 жаштагы Тижжани Али Абубакар ооруканага түшүп, комадан чыга элек болчу. Премьер-министр Абылгазиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алып, керектүү медициналык жардам берүүнү министрге буйруган. Ал эми милиция кылмышка шектүү делген Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургунун кармаган.

Маалыматтарга караганда, Нигериянын жараны борбордогу англис тилин окуткан Cambridge School тил үйрөнүү окуу борборунун директору болгон.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь